Асанов УКМКнын үстүнөн даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазды

Президенттикке талапкер Курсан Асанов УКМКнын үстүнөн даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазды. Анда УКМК тарабынан административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишти баштоо керектиги айтылат. Ошондой эле арызда талапкердин кадыр-баркына шек келтирген материал УКМКнын маалыматында жарыялангандыгы көрсөтүлгөн. Учурда үгүт кампаниясы жүрүп жаткандыгына байланыштуу жогорудагы материалдар Курсан Асановго каршы агитация кылуу белгилери бар деп айтылат.

Кечээ, 7-январда президенттикке талапкерлердин биринин жубайы ири суммадагы алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканын УКМКдан билдиришкен. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов буга чейин дебаттын жүрүшүндө өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да укуктары бузулуп жатканын кыйытып, коркутуп-үркүтүүнү токтотуу керектигин айткан.