Асия Сасыкбаева: «Өмүрбек Текебаевден 5-6 жолу «элчи болуп бериңиз» деп суранышкан»

«Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына дайындалышын жакшы эле кабыл алып, ийгилик кааладык». Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине партия мүчөсү, экс-депутат Асия Сасыкбаева билдирди.

«Өмүрбек Текебаевден 5-6 жолу «элчи болуп бериңиз» деп суранышкан. Эл аралык деңгээлде Кыргызстаныбызды, элибизди даңазалап, профессионалдуу иштеп берет деп ишенебиз. Кыргызстандан, «Ата Мекенден» кеткен жок. Көрүнүктүү, тажрыйбага бай, билимдүү улуу инсан катары мамлекетибизге көп пайда алып келет деп ишенебиз», — деди ал.