Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жиберди. Бул маалыматты “Азаттыкка” парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова ырастаган.

“Мен катты бүгүн эртең менен жумушка келгенде көрдүм. Маселе дароо эле күн тартибине чыкпайт. Биринчи фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе кайсы күнү күн тартибине коюлганын айтабыз”, — деди ал.