Аскар Акаев: «Кумтөр» боюнча эң одоно мыйзам бузуунун башында Акылбек Жапаров турат»

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев «Центерра Голд» арбитраждык сотко 2009-жылдагы келишимдин негизинде бергенин айтты. Ал маалымдагандай, 2009-жылдагы келишимде Курманбек Бакиев менен Акылбек Жапаров чет элдик компанияга көп преференция берген. Акаев эң одоно мыйзам бузуунун башында Акылбек Жапаров турганын билдирди. Бул тууралуу Автор.Тв жазып чыкты.

“Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк компаниялар биздин экологияны сактоого көңул буруш керек. Зыян келтирсе, зыянды төлөп бериш керек. Жогорку Кеңештин негизги максаты туура. Бирок айрым депутаттар айтып жаткандай, негизги максатка саясий маселени аралыштырып жатканы чын. Саясий оюндар негизги максатка жетүүгө чоң тоскоол болот.

Кумтөр боюнча маселе 2009-жылдагы келишимге барып такалат. Бирок Акылбек Жапаров 2003-жылдагы Акаевдин келишимине басым коюп жатат. Себеби, 2009-жылдагы келишимди дал ушул Акылбек Жапаров түзгөн. Анын кеңеши менен Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште мыйзам катары бекитип берген. Бүгүнкү күндө «Центерра Голд» ушул 2009-жылдагы келишимдин негизинде арбитраждык сотко беребиз деп жатышат. Анткени Бакиев менен Жапаров ушул келишимде эң чоң преференция берип коюшкан. Ал өз күнөөсүн жабыш үчүн 2003-жылдагы келишимге басым жасап атат. Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча бардык комиссияда иштеп келген адис. Ал 2003-жылдагы комиссияда да негизги мүчө болгон, Канаданын Торонто шаарына чейин барып сыйын көрүп мактап келип, 2003-жылкы келишимди колдогон жана бир дагы кемчилигин айткан эмес”, — деди Акаев.