«Аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр». Президент «Баткенге барабыз» деген жаштарга кайрылды

«Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элге жасаган кайрылууда билдирди.

«Кудайга шүгүр, армиядагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар жана жетиштүү. Мекен чегине бастырып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Ички ынтымакты кармап, аскер күчтүн дараметин колдоп бериңиздер», — деди ал.