«Асман» шаары курула турган жер өзгөртүлдү

«Асман» шаарын куруу пландалып жаткан жер өзгөртүлдү. Бул тууралуу президентке караштуу инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, шаар курула турган аймак биосфералык зонага киргизилген. «Ошондуктан биз аймактын бир бөлүгүн 10 чакырымга жылдырууну чечтик. Азыр Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчыдагы аэропорттун ортосунда болуп калат. Бул аэропортко 10-12 чакырым жакын», — деп түшүндүрдү ал.

Былтыр июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна “Асман” шаарын куруу долбоорун жарыялаган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонгон.