Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергенби? Финпол башчысы менен УКМКнын жообу

Бүгүн, 18-январда айрым жаңылык сайттар «Жарандык активист жана өзүн Садыр Жапаровдун тарапташымын деп жүргөн Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бериптир. Ал буга чейин УКМК тарабынан опузалап ири суммадагы акча талап кылууга шектелип кармалган эле. Аспеков алган 250 миң доллардын 50 миңин Жапыкеевге бермекмин деп тергөөчүгө айткан экен» деген маалыматты жарыялашкан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев анын дарегине карата айтылган көрсөтмө Мелис Аспеков тарабынан берилбегенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. “Көрсөтмө берилди деген сөздөр — бул ушак. УКМКдан билсеңер болот. Менин жашоом тууралуу билген адамдар чөйрөмдө көбөйүп кетиптир. Кээде аларга барып «ии, анан менин иштерим кандай болуп жатат» деп суроо салгың келет”, — деп жазган Жапыкеев. Финпол да жогорудагы маалымат боюнча «бул — ведомствонун кадыр-баркына шек келтирүү аракети, учурда бир канча резонанстуу иштер иликтенүүдө, бул көп адамдарга жакпай жатат» деп комментарий берген.

Мындан көп өтпөй, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымат таратты. Анда Мелис Аспековдун Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу тарап жаткан сөздөр калп экени жазылган. УКМК жалган маалыматты тараткандарга мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартуу каралганын эскертти.