Аспеков менен Жунусбековдун үстүнөн түшкөн арыз ИИМде текшериле башталды

Ички иштер министрлигинен президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун өкүлүнөн арыз келип түшкөнүн билдиришти. Анда аталган министрликте тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүп баштаганы айтылат. Мелис Аспековго карата текшерүү Чүй ОИИББине, Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү Талас ОИИББине тапшырылды. Материалдар ИИМдин Тергөө кызматынын көзөмөлүндө турат” дешет министрликтен.

Буга чейин президенттикке талапкердин өкүлү Алексей Мощин БШК менен ИИМге Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго карата чара көрүүнү сурап арыз жазып кайрылганы маалым болгон. Юристтин айтымында, аты аталган экөө штабда иштебейт, аларга штабдан эч ким үгүт иштери менен алектенсин деген эмес жана Садыр Жапаровго эч кандай тиешеси жок жарандар. Бирок алар талапкердин ысымын колдонуу менен үгүт кампаниясына катышууда.