Бүгүн, 19-апрелде Астана шаарында президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Кайнама” чакан гидроэлектростанциясын (ГЭС) ачты. Токтогул районунда орун алган...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун...
Президент Садыр Жапаровдун 18-19-июлда Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/07/an8eesqqkg6iy7l0qm8jgiuhwiyo_zxqekbmi4ntxyc0pwtbvjhedcctbec-mf2d1xfn0tld0s2qv1ezp8orvbhk.mp4
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама...
Экс-депутат Орозайым Нарматова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазы болгонун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. "Камчы Кыдыршаевич агам мага “Сенин азбы-көппү биздин бийликке...