Асылбек Жээнбеков азыркы бийликтин камчысын чапмай болдубу?

Бүгүн Асылбек Жээнбеков октябрь айындагы окуялардан бери биринчи жолу Жогорку Кеңешке келди. Ал “Референдум тууралуу” мыйзам долбоорун колдогон добуш берип, жыйындын калган бөлүгүнө катышпай залдан чыгып кетти.

Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулгандан бери парламенттин бир дагы отурумдарына катышпай жаткан эле. Анын Жогорку Кеңешке келип калышына байланыштуу социалдык тармактарда “Эмне өзгөрдү? Төңкөрүштүн максаты эмне ушул беле?” деген өңдүү суроолордун жаралышына жем таштады.