Асылбек Жээнбеков жакында камакка алынабы?

Кечээ, 18-февралда Германиядан дарылануудан учуп келип түз эле Баткен облусуна барган УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «эртең бир нече үлкөн чиновниктер камалат» деген эле. Өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы «зыянкечтер камалат» деп пост жазды.

Буга улай «Вечерний Бишкек» гезити өз сайтында күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарга таянуу менен бүгүн-эртең Асылбек Жээнбеков камалат экенин жазып чыкты.