Жээнбеков менен Зулпукаровдун кармалышы боюнча маалыматты УКМК ырастаган да, төгүндөгөн да жок

Буга чейин айрым ЖМКлар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан кармалганын жазып чыгышкан. Бирок УКМК бул маалыматты төгүндөгөн да, четке да каккан жок.

Тактап айтканда, СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги УКМКнын басма сөз кызматы менен байланышканда «Басма сөз кызматка бул боюнча маалымат келе элек. Маалымат  келери менен пресс-релиз таратабыз» деген жоопту укту.