Ат-Башыда кастинг уюштуруп жаткан Шаршенбек Абдыкеримов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин депутаттыгына болгон жарыштан талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал бүгүн кызына жолдош, өзүнө күйөө бала издеген кастингде билдирди.

Шаршенбек Абдыкеримов райондун тургундарын Алмазбек Баатырбековдун талапкерлигин колдоого чакырды. Ал өз бизнесин өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын ачуу ниетин айтып, ар ким өзүнүн колунан келген иш менен алектенүүсү керектигин кошумчалады.