«Ата-Журт» жана «Мекенчил» депутаттык топторунун жаңы жетекчилери шайланды

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Журт» жана «Мекенчил» депутаттык топторунун жетекчилери ыйгарым укуктарын тапшыргандарын билдиришти.
Алсак, «Ата-Журт» депутаттык тобунун жетекчиси болуп депутат Дастанбек Жумабеков шайланды. Мурда бул кызматты депутат Нурланбек Азыгалиев аркалаган. Ал эми «Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси болуп депутат Талант Мамытов шайланды. Буга чейин топту Кундузбек Сулайманов жетектеген.