«Ата Журт — Кыргызстан» партиясы курултай өткөрдү

Бүгүн, 10-октябрда «Ата Журт — Кыргызстан» партиясы курултай өткөрүп, шайлоого аттанган талапкерлеринин тизмесин жарыялады. Анын алдыңкы бештигинде Айбек Маткеримов, Бакыт Төрөбаев, Равшан Сабиров, Жамиля Исаева, Таалайбек Сарыбашов бар.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт жана бул жолу Жогорку Кеңешке депутаттар аралаш система менен шайланып келет. Тагырааны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан.