«Ата-Журт Кыргызстан» Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыруусу боюнча адилет иликтөө жүргүзүүнү өтүндү

Депутат Шаирбек Ташиев өзү мүчө болуп турган “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо боюнча кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мындан улам, кечээ, 26-январь күнү “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы өз жыйынында депутаттын  кайрылуусун талкуулап, өлкөнүн булуң-бурчундагы шайлоочулардан Шаирбек Ташиевдин чечимине каршы болгон кайрылуулардын келип жаткандыгын жана шайлоодо №14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан 21 миңден ашуун шайлоочулардын добушун алгандыгын эске алуу менен, фракция анын мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоду. Анда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, Шаирбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз”, – деп жазат.

23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшыра турганын айткан.