«Ата-Журт Кыргызстандан» депутат: «Казакстандын ички чыр-чатагына кийлигишпей эле койсок болмок»

«Казакстандын ички чыр-чатагына кийлигишпей эле койсок болмок. Касым-Жомарт Токаевдин ЖККУга кайрылганын мен анын креслосун сактап калуу аракети деп эле түшүнөм». Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев билдирди.

«Биз армиябызды жөнөткөндө деле ал жакта ар кандай чагымчылдык болот. Биздин армияга ошол жакта бир нерсе болуп кетсе, анын жоопкерчилигин ким алат? Мамлекет алабы? Оор абал болуп турганын түшүнөм. Бирок бул парламенттин тарыхый чечими болуп калат. Биз мындайды башыбыздан өткөргөнбүз. Казакстандын ички чыр-чатагына кийлигишпей эле койсок болмок. Касым-Жомарт Токаевдин ЖККУга кайрылганын мен анын креслосун сактап калуу аракети деп эле түшүнөм. Бүгүнкү күндө ал өз элин террорист деп атап отурат. Эртең Токаев кетсе, бийлик кулап калса, биз террористтерге жардам берген болуп калбайбызбы?» — деди депутат.

Буга карата УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «ким террорист экенин аныктоо жагы — бул алардын ички иши» деп жооп берди.