Мамашова: «Ата-Мекен» фракциясы Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөттү»

«Ата-Мекен» фракциясы лидер Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган фракциядан депутат Айсулуу Мамашова ырастады. Анын айтымында, чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Ал эми лидерликке шайлоо фракциянын кийинки жыйынында өтөт.

Ушул жылдын январь айында «Ата-Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев СуперТВ телеканалына берген маегинде мандатынын тагдыры белгисиз болуп турганынан фракция лидерлигин Айсулуу Мамашовага өткөрүп бергенин айткан эле. 29-мартта Текебаев соттун чечими менен мандатынан ажырап, анын эртеси эле 30-мартта фракция лидери болуп Сайдулла Нышанов шайланган.