«Ата Мекен» партиясы «Туран» партиясы менен бириккенин жарыялады

“Ата Мекен-Эгемен” оппозициялык коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан билдиришти.

«Катарыбыз улам кеңейип жатат. Бүгүн блокко оппозициялык “Туран” партиясы бирикти. Буга чейин “Ата Мекен” жана «Реформа» партиялары түзгөн «Эгемен» демократиялык коалициясына «Туран» партиясы кошулуп, меморандумга кол коюшту. Жакынкы максат – алдыдагы парламенттик шайлоого бирдиктүү күч болуп катышуу», — деп айтылат маалыматта.

Аталган партиянын лидери камакка алынган Жеңиш Молдокматов. Эки партиянын биригүүсүнөн соң, Өмүрбек Текебаев баштаган партия оппозициялык коалиция түзүлгөнүн билдиришти.

Ушул жылдын башында Текебаевдин Молдокматов менен кафеде олтурган жеринен тартылган сүрөтү соцтармакка тарап кеткен. Май айында жаш саясатчы өткөн жылдын октябрь айындагы окуяларда УКМКнын имаратын басып алууга, башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалып, камакка алынган. Өзү бул иш боюнча «мага карата саясий куугунтук болуп жатат» деп билдирген. Текебаев бул окуя боюнча «бул күлкү келтирген иш» деген комментарий берген.