«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгону айтылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Бул тууралуу анын жардамчысы соцтармакка жазды.

Анын айтымында, саясатчынын «Парк Отелде» отурган жерине 100дөй адам барып, телефонун алып кетишкен. «Уят! Жаңы эле Текебаевге кол салуу болду. «Парк Отелде» отурган жеринде 3 бусик менен 100дөй киши келип, кол салып, телефонун, көз айнегин алып кетишти»,- деп жазды ал.