«Ата Мекендин» тизмесин Өмүрбек Текебаев жетектейт. Партияга Али Токтакунов да кошулду

Бүгүн “Ата Мекен” партиясы курултай өткөрдү. Курултай Бишкектеги Горький паркында өттү.

Съездде “Ата Мекен” оппозциялык, альтернативалык саясий күч экенин жарыялады. “Биз элдик бийликтин, элдик көзөмөлдүн колдоочуларыбыз. Көз карашыбыз, позициябыз бүгүнкү бийликтикинен башкача. Ошон үчүн биз өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернатива деп жарыяладык!” — деди Өмүрбек Текебаев. Ошондой эле алгачкы бештик жарыяланды:
  1. Өмүрбек Текебаев
  2. Клара Сооронкулова
  3. Тилек Токтогазиев
  4. Али Токтакунов
  5. Наталья Никитенко.

“Ата Мекен”, “Реформа”, “Туран”, “Эгемен Кыргызстан”, “Ак калпак” партиялары, “Каныкей коомдук кыймылы” жана башка өз позициясы бар активдүү жарандардандан түзүлгөн “ЭГЕМЕН” коалициясы “Ата Мекен” партиясынын желеги алдында шайлоого барат.