«Ата Мекен» фракциясына жаңы лидер жана жаңы орун басар шайланды

Бүгүн, 22-июнда фракция жыйынында Шералы Абдылдаев «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сайдулла Нышановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. 7 депутат мурунку лидерге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Жыйында депутаттар Абдимуктар Маматов менен Бахтияр Сулейманов лидерликке Шералы Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул сунушту фракция бир добуштан колдогон. Мындан тышкары, фракция добуш берүү менен фракция лидеринин орун басары Шайлообек Атазовду да кызматтан алган. Анын ордуна Наталья Никитенко фракция лидеринин орун басары болуп шайланды.

Абдылдаев Өмүрбек Текебаевдин мандатын алып, Жогорку Кеңешке депутат болуп келген эле.