«Атам өзүнө кол салбайт». Сеид Атамбаев мурдагы президентке кокус бир нерсе болсо бийликтен көрөрүн айтты

«Атам өзүнө кол салбайт». Депутат Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кокус бир нерсе болсо бийликтен көрөрүн бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Атама колонияга барып, анын жаракаттарын көрүп чыктым. Ушул окуя боюнча депутаттык комиссия түзүүнү суранам. Мен ушул ишти аягына чейин жеткирем. Соцтармак аркылуу пикирин билдирген айрым депутаттарга ыраазычылык билдирем. Атамды бир аптадан кийин башка түрмөгө которушат. Анын өмүрүнө коркунуч бар. «Висяк» деген сөз бар, аны соттолгондор билишет. Алмазбек Шаршенович Атамбаев эч качан өзүнө кол салбайт. Эгер ал башын жарып алса, тамакка какап өлүп калса, мен ушул бийлик Алмазбек Атамбаевге кол көтөрдү деп эсептейм», — деди депутат.

23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген. Уулу Кадырбек Атамбаев «Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген» деп соцтармактагы баракчасына жарыялаган болчу.