Атамбаев дагы ооруп калып, бүгүн соттук отурумга келе алган жок

Бүгүн, 30-декабрда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иштери боюнча соттук териштирүүлөр уланды. Бирок башкы айыпталуучу ден соолугуна байланыштуу соттук процесске алып келинген жок.

Анда жактоочу Замир Жоошев соттон Атамбаевге карата иштердин материалын өзүнчө өнүдүрүшкө бөлүүнү сунуштады. Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга келе албай жатканына байланыштуу териштирүү көп учурда жылдырылып калууда. Аны баштоо үчүн мурдагы президенттин иштерин өзүнчө кароого болот. Мыйзамда эгерде айыпталуучулардын бири ооруп жаткан болсо, анда материалдарды бөлүүгө болорун жазылган”, — деди Жоошев.