Атамбаев: «Жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес»

«Жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес». Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал 23-марттан кийин ден соолугу начарлап кеткенин, тизесин көрсөтүүдөн ыңгайсызданып жатканын айтты. «Менин абалымды түрмөдө текшерейин деп жатышат, бирок бул олуттуу эмес да. Бул менин өлүп калышым үчүн убакытты чоюу максатында жасалып жаткандыр. Бирок мен өлбөшүм керек. Кырдаал ушундай. Бул күндөр да өтөт, баары Кудайдан. Албетте, жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес», — деди Атамбаев.

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинген экс-президент Алмазбек Атамбаев абалы начарлап, ага Тез жардам чакыртылды. Көп өтпөй мурдагы президентти Тез жардамдын коштоосунда 47-колонияга алып кетишти.