Атамбаев ооруп жатканына карабай, камакта калтырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар экенине карабай, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү боюнча соттук отурум эки аптага жылдырылып кетти. Кийинки процесс Биринчи май райондук соту тарабынан 28-январга белгиленди.

Бүгүн, 14-январь күнү өткөн соттук отурумга тиешелүү тараптар толук келбей калды. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мыйзамда баш коргоо чарасы катышуучулар толук келбесе деле каралууга болорун айтты. “Мыйзамда айыпталуучуну тергөө абагында бир жылдан ашык кармалбашы керектиги жазылган. Андыктан, бул аракеттер мыйзамсыз. 28-январда деле Атамбаев сотко катыша алат деп кепилдик бере албайм. Анын ден соолугу начарлоодо. Учурдагы курч оорусу омуртка грыжасы болуп, мындан тышкары жүрөгүндө көйгөй жаралууда. Мурдагы президенттин ден соолугун жакшылап текшерүү үчүн башка ооруканаларга жаткыруу керек”, — деди Замир Жоошев.

Биринчи май райондук сотунун имаратына Алмазбек Атамбаевдин боштондукка чыгышын колдогон тарапташтары дагы келишкен. Алар соттун акыйкат чечимин талап кылышты.