Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байлыныштуу иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарып бере элек. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, учурда Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

«Биз азыр Атамбаевди түрмөдөн ооруканага которттура албай жатабыз. Себеби анын ден соолугуна байланыштуу маалыматты дарыгерлер бербей жатышат. Балким Атамбаевге операция керектелет. Ал азыр медициналык текшерүүгө муктаж», — деп билдирди Слесарев.

Ошондой эле, ал Атамбаевге байланыштуу кылмыш иштери боюнча сот процесстери март айында башталаарын кошумчалады.

18-январда Кой-Таш окуясына, Кой-Таштагы жер бөлүштүрүүдөгү, Бишкек Жылуулук электр борборундагы жана Терек кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу белгиленген сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келген эмес. Анда анын жактоочусу Атамбаев ооруп жатканына байланыштуу сотко келе албай турганын айтып, анын  ишин өзүнчө бөлүп кароону соттон өтүнгөн. Ал эми Кой-Таш окуясында каза болгон офицердин жакындары анын оорусун иликтөөнү соттон суранышкан. Бирок сот аталган өтүнүчтөрү канааттандырылбай турганын билдирип, ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлигине мурдагы президенттин ден соолугун иликтөө боюнча кат жиберилерин айткан болчу.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам мындан мурунку соттук отурумдарга да катышкан эмес. Анын адвокаты Замир Жоошев мурдагы президенттин омурткасынан эки грыжа табылгандыктан, ал көпкө чейин отура албай турганын, ошондой эле жүрөк жана башка оорулардан жабыркап жатканын айтып, соттон Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.