Атамбаевдин жан сакчысы Түлеевге жооп узатты: «Алмазбек Атамбаевдин Нариман Түлеевден бир нерсе суранганын көргөн да, уккан да эмесмин»

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Нариман Түлеевге жооп узатты. «Чындыкты айтып койбосом бул байкем Алмазбек Атамбаевге асылганы асылган… Москва шаарына учабыз деп учактын бизнес классына кирсек, Алмазбек Атамбаев отурчу орундуктун артында Нариман Түлеев олтурган экен, экс-президентти көрөр замат артка качып жөнөдү. «Алмазбек Атамбаев мага өзү келип колун сунду» дегени калп! Тескерисинче, Атамбаев чакырганда Түлеев өзү келген. Ошондо экс-президент жанына олтургузуп алып: «Ии, арманыңды бетиме айт, эгер сага куугунтук болгон десең арыз жаз, азыр Соке экөөбүздүн мамилебизди билесиң. Ошол убактагы башкы прокурор менен УКМК төрагасы өлкөдөн эч жакка кеткен жок, күнөөлөрү болсо, камасын», — деп сүйлөшүп барышты. «Жакшы жүрүңүз» деп андан ары Нариман Түлеев Турцияга учуп кеткен. Москвага барганыбызда ал Турциядан Алмазбек Атамбаевге чалып ахыбалын сураган. Менин таң калганым — кантип коомчулукка калп сүйлөй берет? Түшүнбөйм… Алмазбек Атамбаевдин Нариман Түлеевден деги бир нерсе суранганын көргөн да, уккан да эмесмин»,- дейт Сагымбаев.

Эске салсак, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, Атамбаев менен учактан жолугуп калган окуяга токтолгон. Анда Түлеев: «Ошол күнү Алмазбек Атамбаев мени Сооронбай Жээнбеков менен жараштырып койчу деп менден суранган»,- деп жарыялаган эле.