Атамбаевдин түрмөдө тартылган сүрөтү боюнча уулу эмне деди?

Буга чейин №47 колониянын короосунда тартылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү социалдык тармактарда тараган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча териштирүү ишин кылып, сүрөт тартылган телефонду таап, тийиштүү чараларды көрүштү. Сүрөттү тартып алган абактагы эки киши 15 күнгө айып изоляторуна киргизилди.

Бул окуяга байланыштуу мурдагы президенттин уулу Сеид Атамбаев билдирүү жарыялады. “Сүрөттү соттолуучулардын бири тарткан дегенге ишенбейм. Бул мурдагы президентти эл алдында кемсинтүү аракети. Убакыт жана тарых баарын ордуна коёт. Атам ар дайым кайраттуулугу менен айырмаланып келген” деп жазган Сеид Атамбаев.