Кой-Таш окуясында жаракат алгандар УКМКнын алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 4-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, УКМКнын имаратынын алдына болжол менен 40тай жаран чогулушкан. Алар Кой-Таш окуясында жаракат алгандар.

«Митингге чыккандар куралсыз жарандарга ок атууга буйрук бергендерди жоопко тартууну жана УКМКнын алдындагы «Альфа» атайын даярдык тобунун кызматкерлеринин аракеттерине баа берүүнү талап кылышууда. Алар бүгүн УКМКнын имаратына чогулушуп, төрага Камчыбек Ташиевдин атына жазуу жүзүндө кайрылуу калтырышты”, — деп билдирүү тараткан Жолдубаева.

Бүгүн Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Биринчи май райондук соту мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какканын журналисттерге билдирген. Жана Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 7-апрелге чейин узартылганын айткан.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар — Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жана «Терек» сурьма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.