«Атасы үчүн баласы жооп бербейт да». Атамбаев Равшан Жээнбековдун уулу чет өлкөгө чыга албай жатканын айтты

«Экс-депутат Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанда эмне күнөө бар? УКМКдан суракка чакыртышыптыр. Атасы каналдан улам күбө катары чакыртышыптыр деп айтып жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев билдирди.

«Америкада окуйт, иштейт экен. Ага кызыл желекче коюп коюшуптур. Эми аны чечип койсо деле болот да. Баласы атасы үчүн жооп бербейт. Ошону карап койсоңуздар», — деди депутат.