Атазов менен Токторбаев суралгандан кийин президент жумушчу топ түздү

Президент бир катар депутаттарга карата Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерүү үчүн жумушчу топ түздү. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал буга чейин кесиптештери Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев көзөмөл органы тарабынан кысым болуп жатканын билдиргенин эске салды.

«Президент Садыр Жапаров депутаттардын кайрылуусунан кийин жумушчу топ түздү. Бул топ бир жуманын ичинде Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерет. Корутунду президентке берилет», — деди Шакиев.