«Аткарылбаса, биздин сөзүбүз кыска болот». Мамытов санариптештирүү боюнча мартка чейин убакыт берди

Бүгүн, 28-декабрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мекемелерге автоматташтырылган системаны киргизүү процессин жайлаткан жана саботаж кылып жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды. Ал бул тууралуу санариптештирүү боюнча өткөн конференцияда билдирип, ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

«Санарип технологияларды киргизүү эң биринчи кезекте адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин аркасынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл», — деди Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, март айына чейин жетекчилер санариптештирүүнү ыкчам жана натыйжалуу кылып киргизет же алар менен Талант Мамытовдун сөзү кыска болот.