Атыр Абдрахматова: «Реалдуу ишти көрсөтүү үчүн Акыйкатчы институтунун макамын күчөтүү керек»

«Реалдуу ишти көрсөтүү үчүн Акыйкатчы институтунун макамын күчөтүү керек». Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

Ал Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссиянын иши, 13 жаштагы кыздын милиция кызматкерлери тарабынан зордукталышы, институтта орун алган интрига эмне менен аяктаганы тууралуу айтып берди.

«Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары Баш мыйзамга ылайык институттун макамын жогорулатуу боюнча конституциялык мыйзамдын долбоорун демилгелешет. Анткени адам укуктарынын бузулушу боюнча табылган фактылар сөзсүз түрдө кароого алынып, чара көрүлүшү керек. Биздин айтканыбыз сунуш негизинде эле болуп калып, прокуратура, милиция же сот органдары болобу, алар аны карап, макул болуп аткарып, ошол эле учурда макул болбой аткарбай койгонго деле укуктуу болууда. Биз биринчиден, көңүл буруу актыларыбыз милдеттүү түрдө аткарылышы керек деп жатабыз», — деди Атыр Абдрахматова.