Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште Атыр Абдрахматованын ордуна жаңы акыйкатчы болуп Жамиля Жаманбаева шайланды.
Анын талапкерлигине 48 депутат «макул» болду. Ал эми Бакыт Рысбековго 20 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берди. Баарына каршы — 1. Жалпысынан 71 депутат добуш берүүгө катышты.