Шейшемби, 23.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» болуп жатат». Садыр Жапаров министрликке өткөн ишканалар боюнча оюн айтты

16:18 30.05.2022
0
«Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» болуп жатат». Садыр Жапаров министрликке өткөн ишканалар боюнча оюн айтты

BISHKEK, KYRGYZSTAN - OCTOBER 10, 2020: Kyrgyzstan's new Prime Minister Sadyr Japarov during a meeting of the Supreme Council, Kyrgyzstan's unicameral parliament, at the Ala Archa State Residence. Abylai Saralayev/TASS Êèðãèçèÿ. Áèøêåê. Íîâûé ïðåìüåð-ìèíèñòð Êèðãèçèè Ñàäûð Æàïàðîâ âî âðåìÿ çàñåäàíèÿ êèðãèçñêîãî ïàðëàìåíòà â ðåçèäåíöèè "Àëà-Àð÷à". Àáûëàé Ñàðàëàåâ/ÒÀÑÑ

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Дастан”, Евразиялык банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүшү боюнча өз оюн айтты.

«Одоно айтсам кечирип коюңуздар. Улуу сөздө уят жок, «Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» болуп атат. Мен жогоруда 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек.

Анда эмесе толук түшүндүрүп берейин. Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою «цифровизация, цифровизация» деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” куржалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол “Дастанга” жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой.

Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде “цифровизацияны” киргизебиз деген теманы талкууладык. Акыр аягында ушундай жыйынтыкка келдик. «Дастан», «Кыргызтелеком», «Альфателеком», «Евразия сактык банкы» баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.

Эң негизги себеби Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты менен байланышкан.

Бул чечимди ишке ашыруу менен мамлекет төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:

1) «Дастан» ачык акционердик коомунун милдети:

  • маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча 2 мамлекеттик борбордун (МИЧ) ишин камсыздайт;
  • менин көрсөтмөм боюнча түзүлгөн маалыматтык системаларды жана жаңы санариптик платформаларды үзгүлтүксүз интеграциялоону камсыздайт;
  • мамлекеттик ишканалардын ортосунда учурдагы жүктөмдү эске алуу менен колдонуудагы эсептөө инфраструктурасын жана маалыматтарды сактоо системаларын бөлүштүрүүнү камсыздайт;
  • өлкөнүн маалымат борборлорунун сапаттуу курулушун камсыз кылат;
  • өлкөдөгү юридикалык жана жеке жактар үчүн санариптик кызматтарды түзөт;
  • байланыш жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдигине бааларды оптималдаштырат жана өлкөнүн санариптештирүүгө корогон чыгымдарын азайтат, консолидациялайт;
  • Дата-борбор бардык маалыматтык системаларды консолидациялоого, алардын коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн маалыматтык коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

2) «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун жана «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун милдеттери:

  • Бул акционердик коомдордун алкагында Кыргыз Республикасында санариптештирүү процесстеринин бирдиктүү башкаруу борбору түзүлөт;
  • Ал өз карамагына бирдиктүү платформа жана санариптик чечимдердин архитектурасын камтыйт;
  • санариптик системаларды өнүктүрүүгө багытталган тендердик документтерди даярдоо боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт;
  • санариптик платформалардын бардык элементтерине маалыматтардын жүктөлүүсүн өлчөйт;
  • маалымат агымдарын жана байланыш каналдарын башкаруунун бирдиктүү борбору катары кызмат өтөйт;
  • мамлекеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтик саясатты оптималдаштырат;
  • Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун жабдуунун консолидацияланган муктаждыгын калыптандырат;
  • байланыш каналдарын оптималдаштырат;
  • кызматкерлердин санын азайтып, компаниялардын мүмкүнчүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырат;

3) «Евразиялык сактык банкы» ачык акционердик коомунун милдети:

  • Республикада толук кандуу санариптик банкты куруу учурдун талабы. Аны ишке киргизүү менен биз төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болобуз:

А) Банктын санариптештирилген бизнес-процесстерин маалымат тутумуна киргизет. Бул бизнес-процесстин айкын аткарылышы менен тыгыз интеграциясын (шайкеш келишин) камсыздап, бизнес-процесстин графикалык моделдеринин болушуна өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, бизнес-процесстин графикалык моделдериндеги жана ишиндеги өзгөрүүлөрү тоскоолдуктарды жоюуда убакытты аз сарптоого көмөктөшөт.

— Маалыматтын бизнес-процесстеги өлчөө саны көп жана ал каттоодон өтөт: Биз KPI аркылуу көрсөткүчтөрдү, убакытты, сапатты, жыйынтык берүүнү, натыйжалуулуку, наркты жакшыртып, операциялык тобокелдиктер, кызматкерлердин жана кардарлардын иш-аракеттеринин бизнес-процессти аткарууда, катышууда таржымалын ачык көрө алабыз.

Б) Бизнес процессинде толук электрондук документ жүгүртүү;

— Азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр баштаган жалпы алып-сатуу аракеттери электрондук түрдө ишке киргизилет жана бул кардарлардын өзүн-өзү түз тейлөөсүнө чоң көмөк көрсөтөт. Муну жарандар интернет-банкинг жана бул жааттагы башка кызматтар аркылуу колдонууга болот;

⎯ донорлор жана өнүктүрүү институттары менен иштөөдө ишканалардын инвестициялык артыкчылыгын жогорулатат.

Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз. УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, “эшек такалап” олтурушкан жок. Андан сырткары, биз уурдатып коюп карап олтурбайбыз. Биз деле кыргыздын “еврейибиз”. Чычканга кебек алдырбайбыз (күлүп).

Депутаттар айткандай, саткыбыз келсе ызы-чуу кылып олтурбай азыркы турушунда деле сатып жибербейт белек. Министрлик баш болуп баары өкмөттүн колунда турат го.

Депутаттардын арасында уурдап жеп жүргөн мурдагы чиновниктер бар. Бардык тепкичтерди басып өткөн. Губернатордон баштап президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Жакшы иштерди баштаган министрди «распил» кылганы жатасыңар деп сындап кыйкырып чыгат. Өзү убагында «распил» кылып жүрүп көнүп алса керек. Азыр андай «распил» жок. Мен жогоруда айткандай «распил» кылдыңбы же уурдадыңбы жүз эселеп төгүп берип кутуласың. Ошондуктан мейли ким кыйкырып чыкпасын, ызы-чуу болбой өзүңөр анализ жасаганды унутпагыла», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

15:53 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү