«Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» болуп жатат». Садыр Жапаров министрликке өткөн ишканалар боюнча оюн айтты

BISHKEK, KYRGYZSTAN - OCTOBER 10, 2020: Kyrgyzstan's new Prime Minister Sadyr Japarov during a meeting of the Supreme Council, Kyrgyzstan's unicameral parliament, at the Ala Archa State Residence. Abylai Saralayev/TASS Êèðãèçèÿ. Áèøêåê. Íîâûé ïðåìüåð-ìèíèñòð Êèðãèçèè Ñàäûð Æàïàðîâ âî âðåìÿ çàñåäàíèÿ êèðãèçñêîãî ïàðëàìåíòà â ðåçèäåíöèè "Àëà-Àð÷à". Àáûëàé Ñàðàëàåâ/ÒÀÑÑ

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Дастан”, Евразиялык банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүшү боюнча өз оюн айтты.

«Одоно айтсам кечирип коюңуздар. Улуу сөздө уят жок, «Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» болуп атат. Мен жогоруда 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек.

Анда эмесе толук түшүндүрүп берейин. Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою «цифровизация, цифровизация» деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” куржалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол “Дастанга” жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой.

Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде “цифровизацияны” киргизебиз деген теманы талкууладык. Акыр аягында ушундай жыйынтыкка келдик. «Дастан», «Кыргызтелеком», «Альфателеком», «Евразия сактык банкы» баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.

Эң негизги себеби Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты менен байланышкан.

Бул чечимди ишке ашыруу менен мамлекет төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:

1) «Дастан» ачык акционердик коомунун милдети:

2) «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун жана «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун милдеттери:

3) «Евразиялык сактык банкы» ачык акционердик коомунун милдети:

А) Банктын санариптештирилген бизнес-процесстерин маалымат тутумуна киргизет. Бул бизнес-процесстин айкын аткарылышы менен тыгыз интеграциясын (шайкеш келишин) камсыздап, бизнес-процесстин графикалык моделдеринин болушуна өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, бизнес-процесстин графикалык моделдериндеги жана ишиндеги өзгөрүүлөрү тоскоолдуктарды жоюуда убакытты аз сарптоого көмөктөшөт.

— Маалыматтын бизнес-процесстеги өлчөө саны көп жана ал каттоодон өтөт: Биз KPI аркылуу көрсөткүчтөрдү, убакытты, сапатты, жыйынтык берүүнү, натыйжалуулуку, наркты жакшыртып, операциялык тобокелдиктер, кызматкерлердин жана кардарлардын иш-аракеттеринин бизнес-процессти аткарууда, катышууда таржымалын ачык көрө алабыз.

Б) Бизнес процессинде толук электрондук документ жүгүртүү;

— Азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр баштаган жалпы алып-сатуу аракеттери электрондук түрдө ишке киргизилет жана бул кардарлардын өзүн-өзү түз тейлөөсүнө чоң көмөк көрсөтөт. Муну жарандар интернет-банкинг жана бул жааттагы башка кызматтар аркылуу колдонууга болот;

⎯ донорлор жана өнүктүрүү институттары менен иштөөдө ишканалардын инвестициялык артыкчылыгын жогорулатат.

Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз. УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, “эшек такалап” олтурушкан жок. Андан сырткары, биз уурдатып коюп карап олтурбайбыз. Биз деле кыргыздын “еврейибиз”. Чычканга кебек алдырбайбыз (күлүп).

Депутаттар айткандай, саткыбыз келсе ызы-чуу кылып олтурбай азыркы турушунда деле сатып жибербейт белек. Министрлик баш болуп баары өкмөттүн колунда турат го.

Депутаттардын арасында уурдап жеп жүргөн мурдагы чиновниктер бар. Бардык тепкичтерди басып өткөн. Губернатордон баштап президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Жакшы иштерди баштаган министрди «распил» кылганы жатасыңар деп сындап кыйкырып чыгат. Өзү убагында «распил» кылып жүрүп көнүп алса керек. Азыр андай «распил» жок. Мен жогоруда айткандай «распил» кылдыңбы же уурдадыңбы жүз эселеп төгүп берип кутуласың. Ошондуктан мейли ким кыйкырып чыкпасын, ызы-чуу болбой өзүңөр анализ жасаганды унутпагыла», — деди ал.