«Аза, иштеше албайт экенбиз». Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары төрагага ишеним көрсөтүшкөн жок

Бүгүн, 12-майда Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттары сессияга чогулушту. Экинчи сессияда депутаттар төрага Азамат Ажыматовго ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүштү. Буга себеп депутаттардын ишин координациялоонун жоктугу экени айтылды.

«Альянс» фракциясынан депутат Урмат Айтыкулов «Аза, иштеше албайт экенбиз» деди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 31 депутаттын 21и төрагага ишеним көрсөтпөөнү колдошту.