Азамат Кадыралиев президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Президен Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыралиев Азамат Сактанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги болуп дайындалды.