Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду

Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду. Ал жер маселелерин, шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлеген. Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду. 

24-июлда пара алууну уюштурганы боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу Азамат Сагындык уулу кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин анын бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынган.