Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.