«Азаттык» партиясынын тизмесин кимдер баштап барат?

Бүгүн, 10-октябрда «Азаттык» партиясы курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялады. Алдыңкы бештикте Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова, Исмаил Исаков, Медеткан Шеримкулов, Бактыбек Калмаматов бар. Ошондой эле, Ишенбай Кадырбеков, Мыктыбек Арстанбек да аталган партиянын катарында.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт жана бул жолу Жогорку Кеңешке депутаттар аралаш система менен шайланып келет. Тагырааны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан.