Азербайжандын президенти Бишкекке келди. Аны үкү топу кийген кыздар менен Садыр Жапаров тосуп алды

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди. Мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды.

«Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды.Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.  Мындан тышкары, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот»,- деп айтылат маалыматта.