«Ажыдаарга айланбайбыз. Кепилдик берем» деди Садыр Жапаров

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

Анда SUPER TV каналынын башкы редактору Шайиста Шатманова тарабынан «Акыркы 30 жылдык тарыхыбызга кылчайсак, Кыргыз өлкөсүнүн президенттеринин ажыдаарга айланып бара жатканынын белгилеринин бири катары алардын «Азаттык» радиосун туура эмес маалымат таркатууда деп сындап баштаганын айтса болот. Сиз кызматка киришкениңизге 1 ай боло электе эле «Азаттык» туура эмес маалымат таркатууда деп сындай баштадыңыз. Ажыдаарга өтө эле эрте айланып бара жаткан жоксузбу?» деген суроо берилди.

«Ажыдаарга айланбайбыз. Өткөндүн катасын кайталабайбыз. Кепилдик бере алам. «Азаттыкка» келсек, аны акыркы жылдарда тынбай угуп келчү элем. Акыркы бир айда убактым болбой калды. Жакында атайын убакыт бөлүп уктум. Сөзүмдү бурмалап беришиптир. «Азаттык», андай кылбаңыздар деп кайрылып кетем, оюмду толук бериңиздер. Түшүнбөгөн учурлар болсо, анда суроолордун баарына жооп бере алам», — деди Жапаров.