«Милдетин аткара алган жок». Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынган.