Азия чемпиондугуна баруусу үчүн балбан кызга Акылбек Жапаров акчалай жардам көрсөттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эркин күрөш менен машыккан 9-класстын окуучусуна Азия чемпиондугуна баруу үчүн акчалай жардам көрсөттү.

Ысык-Ата районунун Интернационал айылында жаңы спорт комплексинин ачылышында Акылбек Жапаровго эркин күрөш менен машыккан 9-класстын окуучусу Элина Бакытовага Азия чемпиондугуна баруу үчүн каржылык жардам керектигин айтып кайрылышкан. Ага көмөк көрсөтүү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы резерв фонддон 100 миң сом жана айлык акысынан 50 миң сом акча бөлгөн.

Азия чемпиондугу 2022-жылы июлдун башында Бахрейнде өтөт.