Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Буга чейин Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты Бишкек мэри болуп шайланган Айбек Жунушалиев аркалап келген.