Азык-түлүк үчүн керт башы менен жооп бере турган министрлердин бири запасты толуктоого эмне сатып алынарын айтты

Жакынкы убакытта Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запасын толуктоо үчүн бир катар товарлардын сатып алуусу пландалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 5 миң тонна өсүмдүк майы жана 12,5 миң тонна кумшекер сатып алуу тапшырмасы коюлган. Андан тышкары, литри 59 сомдон болгон 5 миң литр дизелдик май сатып алынганы жатат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Азык-түлүк боюнча 3 министр керт башыңар менен жооп бересиңер. Иштегиле» деди.