«Азыр бири-бирин угуу өтө маанилүү». Министр Руслан Казакбаев Украинанын элчисин кабыл алды

Кечээ, 16-март күнү Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону анын өтүнүчү менен кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-украин мамилесинин маселелери жана Украинадагы азыркы кырдаал талкууланды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Казакбаев кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын, өзгөчө БУУнун Коопсуздук кеңешинин аянтчасында дүйнөлүк коомчулук Европанын согуштан кийинки тарыхындагы болуп көрбөгөндөй кризисти токтотуп кала албагандыгын, буга байлныштуу бүгүнкү күндө дүйнө катастрофанын чегинде калганын айтты. Министр Кыргызстандын Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча позициясы ал тарабынан түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда билдирилгенин да баса белгилеп өттү. Казакбаев Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кубаттады, муктаждык болсо, кыргыз тарап аянтча берүүгө, бардык ортомчулук аракетти көрсөтүүгө даярдыгын айтты. Сөзүнүн соңунда министр бүтүндөй адамзат үчүн тагдыр чечүүчү бул мезгилде Кыргызстан баардыгын биримдикке чакырарын, өзгөчө азыр бири-бирин угуу өтө маанилүү экендигин билдирди.