Бүгүн АКШда президенттик шайлоо өтөт

Бүгүн, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Бул ирет президенттикке учурдагы мамлекет башчы Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда. Алдыңкы 4 жылда өлкөнү ким башкара турганы элдин добуш берүүсү менен аныкталат. Кызыгы, буга чейинки шайлоолордон айырмаланып, бул ирет жарандардын көбү мөөнөтүнөн эрте добуш беришкен. Буга коронавирус пандемиясынан чочулоо себеп болгон. Шайлоо тилкесине барып добуш берүүдөн чочулаган эл, өздөрү каалаган кандидатты электрондук кат аркылуу шайлаган.

Учурда расмий шайлоо күнүнө чейин эле добуш бергендердин саны 100 миллионго жакындаган, бул – абсолюттук рекорд. Ал эми президенттикке талапкерлер Трамп менен Байдендин ортосунда кызуу ат салышуу жүрүүдө. Жо Байден Огайо штатындагы эл менен болгон жолугушууда “Элди экиге бөлгөн президенттин мөөнөтү соңуна чыгат” деп баса белгилеп, Трампты алсыз саясатчы деп атаган. Ал эми Дональд Трамп Түндүк Каролинада шайлоочулардын алдында “Байденди колдогондор коммунисттерге, эки жүздүү бай либералдарга жол ачып берет” деген.